ЭЛАМАН НООКЕНДЕГИ ЭЛДИН АРЫЗ МУҢУН УГУП КАЙТТЫ: МАЛ ЖОГОЛОТ, УУРУ ТАБЫЛБАЙТ КАРМАЛСА ЖАЗАЛАНБАЙТ
Эламан Карымшаков ЖалалАбад облусунун Ноокен районундагы Ношкен айылына барып келди. Тургундар 45 жылдан бери мал уурулук токтобой жатканына нааразы. Бул аралыкта 22 бодо мал, 50дөн ашуун кой уурдалыптыр. Милицияга арыз жазсак катталбайт, кээ бирлерин жаздырбай коёт, түңүлүп деле калдык деп айтышты. Көптөн бери бир кошунасынан шектенип жүрүшчү экен, акыркы ал бир буканы уурдап бараткан жеринен кармалыптыр. Милиция аны суракка алып коё берген, учурда ооруканада дейт. Айылдыктар ууруунун шериктери да бар, өзү жалгыз чоң буканы таалаадан Портерге жүктөп кете албайт деп шериктерин табууну талап кылууда. Ал эми Ноокен РИИБдин башчысы Уланбек Коноев 24майда бир эле арыз түшкөнүн, андан башка факты катталбаганын билдирди. Элде башка, милицияда башка маалымат болуп жатышынын себеби эмнеде
|
|